Мазмунга өтүү

Түндүк Кипр Түрк Республикасы

Википедия — ачык энциклопедия

Түндүк Кипр Түрк Республикасы
түрк. Kuzey Kıbrıs Türk Cumhuriyeti

Герб
Туу Герб
Урааны: "фр. Unité, Progrès, Justice"
Гимн: "İstiklâl Marşı"
Негизделгн 15-июль 1974-жыл
Эгемендүүлүк күнү 15-ноябрь 1983-жыл ( Кипр Республикасынан)
Расмий тили түрк тили
Борбор шаары Лефкоша
Ири шаарлар Лефкоша, Гирне, Газимагуса
Башкаруу формасы президенттик республика
Президент
Премьер-министр
Туфан Эрхюрман
Унал Устель
Мам. дини динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.

3355 км²
2,7
Калкы
• Бааланган (2022)
Жыштыгы

382 836 адам
114 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2018)
  • Ар бир жанга

4,234 млрд $ (90-орун)
14 942 $
Акча бирдиги Түрк лирасы (TRY, коду 949)
Домени .tr
Телефон коду +90 392
Убакыт аралыгы UTC +03:00

Түндүк Кипр Түрк Республикасы (түрк. Kuzey Kıbrıs Türk Cumhuriyeti) — Кипр Республикасынын аймагында жайгашкан, Кипр аралынын түндүк бөлүгүнүн 1⁄3 ээлеген жарым-жартылай таанылган мамлекет[1]. Бул мамлекет Түркия Республикасы тарабынан гана таанылган жана саясат, экономика, аскердик маселелер боюнча де-факто Түркия Республикасынан көз каранды[2].Түндүк Кипр Түрк Республикасынын колдоосу менен Түркия Түндүк Кипрде өз аскерлерин жайгаштырган. Бул аскердик күчтөрдү Кипр Республикасы жана БУУ «баскынчы күч» катары мүнөздөшөт[3][4][5]. Түндүк Кипр Түрк Республикасы Ислам кызматташтык уюмуна мүчө жана Түрк мамлекеттер уюмунун байкоочусу[6].

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аймагы 3 355 км², калкы болжол менен 294 906 адам. Калктын басымдуу бөлүгүн этникалык түрктөр (жергиликтүү түрк-киприоттору жана анатолиялык түрктөр) түзөт. Ошондой эле аз сандагы грек-киприотторунун жана ливандык марониттердин чакан анклавдары бар.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбору — Лефкоша шаары (де-факто Никосия шаарынын түндүк бөлүгү).

Түндүк Кипр Түрк Республикасы Кипрдин калган бөлүгүнөн буфердик аймак менен бөлүнгөн. Аралды экиге бөлгөн аймак «Жашыл тилке» (англ. Green Line) деп аталат жана БУУнун Кипрдеги тынчтыкты сактоо күчтөрү тарабынан көзөмөлдөнөт.

Никосиядагы буфердик аймак
Фамагустанын Вароша районундагы мейманканалар 1974-жылы түрк күчтөрү басып алгандан бери ээн калган
«Жашыл тилкедеги» блок-пост

1960-жыл — Кипр Республикасынын түзүлүшү. Кипр Республикасы Улуу Британия аралга көз карандысыздык бергенден кийин түзүлгөн. Жаңы мамлекетти башкарууга грек жана түрк коомдоруна тең укуктуу шарттар берилген. Аларга өкмөттө жана жарандык бийлик органдарында атайын орундар бөлүнгөн. 1960-жылдагы Кепилдиктер тууралуу келишимине ылайык, жаңы мамлекеттин саясий түзүмүн сактоого Улуу Британия, Грекия жана Түркия кепилдик беришкен..

1963-жыл — коомдогу жаңжал жана конституциялык кризис. 1963-жылдын декабрында Кипрде өкмөттүк кризис башталган. Ошол эле учурда грек-киприоттору менен түрк-киприотторунун ортосундагы мамиле өтө курчуп, түрк-киприоттору өкмөттөгү бардык кызматтардан четтетилген. Конфликт күчөгөн сайын айыл аймактарында жашаган түрктөр гректер тарабынан өз анклавдарына бөгөттөөлүп, чакан гана аймактарда жашоого аргасыз болушкан. Мындай көрүнүштөр 11 жыл бою же башкача айтканда арал экиге бөлүнгөнгө чейин уланган. Бул мезгилде эки коомдун ортосунда көптөгөн кагылышуулар болуп, айрыкча Коккина шаарындагы окуялар маалында Түркия менен Грекия бир нече жолу согуштук абалдын башталуу чегине чейин жеткен.

1967-жылы аралдын түштүгүндөгү түрк улутундагы адамдар жашаган райондорго грек улутундагы адамдар тарабынан чабуул жасалган. Бул чабуулдардан кийин түрк-киприоттору «Убактылуу түрк администрациясын» түзүп, 1963-жылдын аягынан баштап Кипр Республикасынын чыгарган бардык мыйзамдарын тааныбай турганын жарыялашкан.

1974-жыл — төңкөрүш жана Түркиянын кийлигишүүсү. 1974-жылдын 15-июлунда грек аскердик хунтасынын колдоосу менен Кипрде аскердик төңкөрүш уюштурулуп, президент Макариос III бийликтен четтетиген. Бийликке грек улутчулдар уюмунун өкүлү Никос Сампсон келген. 1960-жылдагы келишимдин шарттарын пайдаланып, «конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү» деген жүйө менен Түркия аралга аскерлерин киргизген. Натыйжада арал күч менен экиге бөлүнүп, түштүк бөлүгү грек-киприотторунун, түндүк бөлүгү түрк-киприотторунун көзөмөлүндө калган. Бул окуя грек аскердик хунтасынын кулашына жана Макариос III кайра бийликке келүүсү менен аяктаган.

1975-жыл — федерация идеясы жана көз карандысыздыкка багыт. Тынчтык келишимининин шарттарына ылайык федерация түзүү каралган. 1975-жылы Түрк Кипр Түндүк Федеративдүү Мамлекети (түрк. Kıbrıs Türk Federe Devleti) түзүлгөнү жарыяланган. Формалдуу түрдө Түрк Кипр Түндүк Федеративдүү Мамлекети федерациянын бир бөлүгү болгон.

8 жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин 1983-жылы Түрк Кипр Түндүк Федеративдүү Мамлекети Кипрден көз карандысыздыгын жарыялап, аталышын Түндүк Кипр Түрк Республикасы деп өзгөрткөн. Бирок Түндүк Кипр Түрк Республикасынын көз карандысызды тууралуу декларация БУУ тарабынан четке кагылган.

1985-жыл — Конституциянын кабыл алынышы. 1985-жылдын 5-майында өткөн референдумда шайлоочулардын 70,2% добушу менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын конституциясы кабыл алынган.

Троодос тоолорунун, Гүзелюрт районунун жана Морфу булуңунун панорамасы

Түндүк Кипрдин аянты 3 355 км² түзөт, бул аралдын болжол менен үчтөн бир бөлүгүнө барабар. Түндүк Кипр Түрк Республикасы 34° жана 36° түндүк кеңдиктери менен 32° жана 35° чыгыш узундуктарынын ортосунда орун алган. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түндүк тарабында 75 чакырым аралыкта Түркия, ал эми чыгыш тарабынада 97 чакырым аралыкта Сирия жайгашкан.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жээк сызыгы эки булуңду камтыйт — Морфу жана Фамагуста булуңдары. Ошондой эле төрт тумшук бар — Апостолос Андреас, Кормакитис, Зейтин жана Каса тумшуктары. Түндүк жээкти бойлой кууш Кириния тоо кыркасы жатат. Түндүк Кипрдин эң бийик чекити болгон Селвили тоосу дал ушул тоо кыркасында жайгашкан жана анын бийиктиги 1 024 метрди түзөт[7].

Гүзелюрт районунан баштап чыгыш жээкке чейин созулган Месаория түздүгү дагы бир маанилүү ландшафт болуп саналат. Месаория түздүктөрү түз талаалардан жана майда дөңсөөлөрдөн турат, ошондой эле аны бир нече агын суулар кесип өтөт. Түздүктүн чыгыш бөлүгү буудай жана арпа өстүрүүдө кайрак жер катары пайдаланылат. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын аймагынын 56,7% айыл чарба иштерине жарактуу.

Искеле районундагы Мехметчиктин жанындагы деңиз жээги

Түндүк Кипрде кыш көбүнчө учурларда салкын жана жамгырлуу болот, айрыкча декабрь–февраль айларында жамгыр көп жаайт. Жылдык жаан-чачындын 60% дал ушул үч айларда жаайт[8]. Жамгырлар жылдын алгачкы мезгилинде суулуу, бирок жайында кургап кала турган дарыяларды суу менен камсыздайт. Кириния тоо кыркаларына кээ бир учурларда кар түшүшү мүмкүн, бирок түнкүсүн температура төмөндөсө да, аймактын башка жерлеринде дээрлик жаабайт. Кыска жаз туруксуз аба ырайы, мезгил-мезгили менен болгон катуу бороон-чапкындар жана батыштан соккон «мелтем» шамалы менен мүнөздөлөт. Жай өтө ысык жана кургак. Аралдын айрым аймактары түндүк-батыштан соккон «Пойраз» же Африкадан соккон кургак жана чаңдуу сирокко шамалынын таасыри астында. Жайдан кийин кыска жана туруксуз аба ырайы менен мүнөздөлгөн күз мезгили болот.

Аралдагы климат географиялык шарттарга жараша айырмаланат. Жайкы деңиз шамалдарынан жана нымдуулуктан обочолонуп турган Месаория түздүгүндө абанын температурасы 40–45°C чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Карпаз жарым аралында абанын нымдуулугу жогору болот. Нымдуулук жана деңиз суусунун 16–28°C температурасы жээктеги аба ырайын бир калыпта кармап, кургактыктагы аба температурасынын кескин өзгөрүүлөрүн жумшартат. Түштүк тоо кыркалары түштүк-батыштан келген жаан-чачынды жана нымдуу аба агымдарын тосуп, анын чыгыш тарабында нымдуулуктун жана жаандын аз болушуна себеп болот.

Флорасы жана фаунасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жапайы эшек

Жер ортолук деңизинин биологиялык ар түрдүүлүк боюнча маанилүү аймактарынын бири болгон Түндүк Кипр салыштырмалуу табияты бузулбаган аймак болуп, кургактыктагы экосистемаларынын түрдүү түрлөрүн камтыйт[9]. Флорасы болжол менен 1900дөй өсүмдүк түрүн камтыйт, алардын 19 Түндүк Кипрге гана мүнөздүү эндемик түрлөр[10]. Шаардык аймактарда дагы биологиялык ар түрдүүлүк жогору: Никосиянын айланасындагы Педиос дарыясынын жээгинде жүргүзүлгөн изилдөө 750дөн ашык өсүмдүк түрүн аныктаган[11]. Бул өсүмдүктөрдүн арасында Кипрге гана таандык 30 орхидея түрү да аныкталган[10]. Кумдуу жээктерде өскөн жана айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу жок болуу коркунучуна туш болгон деңиз нарцисси да бул аймакта кездешет[10].

Түндүк Кипрге гана мүнөздүү белгилүү өсүмдүктөрдүн бири — кипр жоогазы (Tulipa cypria). Ал Тепебашы/Диориос жана Автепе/Айос Симеон айылдарында гана өсөт жана бул гүлгө арналган фестиваль жыл сайын өткөрүлөт[12].

Карпас жарым аралындагы Апостолос Андреас тумшугунун айланасындагы улуттук парктта болжол менен 1000ге жакын жапайы кипр эшектери бар. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкмөтүнүн коргоосунда турган бул эшектер 300 км² аянтта эркин жайылып жүрүшөт[13]. Бул эшектер жарым аралдын символдорунун бири[14]. Түндүк Кипрдин жээктери — логгерхед жана жашыл деңиз ташбакалары уя салып, жай аягында тукумун чыгаруучу маанилүү жерлер болуп саналат[12].

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүк Кипр Түрк Республикасы административдик-аймактык жактан 5 райондон же ильчеден (түрк. ilçe) турат.

Район Район калкы[15]

(2006)[16]

Административдик

борбору

Административдик

борборунун грекче аталышы

Административдик

борборунун калкы[17]

(2006)[16]

Карта
Лефкоша (Lefkoşa) 85 579 Лефкоша[18] Лефкосия (Никосия) / Λευκωσία 49 721
Түндүк Кипр Түрк Республикасы (кызыл түс) жана Кипр Республикасынын (көк түс) административдик түзүлүшү, ошондой эле Акротири жана Декелиядагы британиялык аскердик база (кочкул көк түс) жана коопсуздук буфердик аймак (ачык көк түс).
Газимагуса (Gazimağusa) 64 269 Магуса Амохостос (Фамагуста) / Αμμόχωστος 35 453
Гирне (Girne) 62 158 Гирне Кирения / Κερύvεια 26 067
Гүзелюрт (Güzelyurt (Omorfo)) 31 116 Гүзелюрт Морфу / Μορφου 13 334
Искеле (İskele) 21 978 Искеле Трикомо / Τρίκωμο 3977
  1. Przemyslaw Osiewicz. Partially Recognized States in Contemporary International Relations: the Turkish Republic of Northern Cyprus and the Republic of China
  2. Ryan D. Griffiths. Secession and the Sovereignty Game: Strategy and Tactics for Aspiring Nations
  3. Resolution 550(1984) / adopted by the Security Council at its 2539th meeting, on 11 May 1984
  4. Scott Leckie. Housing and Property Restitution Rights of Refugees and Displaced Persons
  5. John Quigley. The Statehood of Palestine: International Law in the Middle East Conflict
  6. Eiki Berg, James Ker-Lindsay. The Politics of International Interaction with de Facto States
  7. Kuzey Kıbrıs Türk Cumhuriyeti'nde 1995 yılı orman yangını sonrasındaki ağaçlandırmalardan gözlemler
  8. Current Weather Conditions in Cyprus
  9. The Biodiversity of Invertebrates in Cyprus Ecosystems
  10. 1 2 3 Kuzey Kıbrıs'ta Doğal Yaşam-Flora
  11. Turkish Cypriot Biologists and Biological Research Association. Kanlıdere ve Asi Dere Florası, introduction
  12. 1 2 Flora & Fauna of North Cyprus
  13. Endependent. Eeyore plague: wild donkeys overrun Cyprus villages
  14. Nature Conservation in Northern Cuprus. The karpaz Peninsula
  15. На территории, подконтрольной ТРСК
  16. 1 2 TRNC General Population and Housing Unit Census 2006, TRNC State Planning Organization, updated 7 October 2008.
  17. Муниципиалитеттин чегинде
  18. Лефкоша — Никосиянын түндүк бөлүгү — Түндүк Кипр Түрк Республикасынын борбору

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]